Дүйнөнүн эң мыкты университеттерине акысыз окуууга өткөн кыргызстандык окуучулар

«Logos» компаниясы чет элде окуу жай рыногунда 14 жылдан ашык иштеп, Кыргызстандагы окуучуларга дүйнөлүк алдынкы университеттерге тапшырууга жардамын берип келет.  

Төрт жыл мурун “Келечектеги лидерлер мектеби” деген жаңы долбоор ачып, 8-9-10-класста окуган балдарды гранттык негизде чет элдик Жогорку окуу жайларга тапшырууга даярдап келүүдө. Аталган компаниянын директору Алтынбек Бегалиевдин айтымында быйыл мектепти 50 окуучу аяктап, эң мыкты университеттерге өткөндөрү да бар.

333 1 Дүйнөнүн эң мыкты университеттерине акысыз окуууга өткөн кыргызстандык окуучулар

“Биз жаңы баштаган биринчи жылы 12 гана окуучу болуп саны аз эле. Алардын ичинен жети окуучуну Табылды Эгембердиевдин фондунун жардамы менен толук акысыз окутуп, даярдадык. Андан кийинки жылы 30 бүтүрүүчү болсо, быйыл 50дөн ашык балага билим бердик.

Азыр биз өтө жакшы жыйынтыктарды ала баштадык. Жакында эле бүтүрүүчүбүз Нурсултан эң сонун ийгиликке жетти. АКШнын күчтүү делинген эки университетине, толук гранттык негизде өттү. Алар Duke жана Carnegie Mellon университеттери. Карнеги Меллон деген окуу жайы жашоону, тамак-ашты жана окууну жаба турган толук грант берди. Duke окуу жайы дагы өтө ыңгайлуу шарты менен окууну толук жабууга даяр болду.

Быйылкы көрсөткүчтөрүбүз абдан жогору болгондуктан, балдар менен сыймыктанып жатабыз. Алар биздин окуучулардын жана улуттун жүзү деп айта алам. Анткени берген жыйынтыгы өзү эле айтып турат”. 

89f90a9bbb3eee45ead27002ad018f82 Дүйнөнүн эң мыкты университеттерине акысыз окуууга өткөн кыргызстандык окуучулар

Окуучуларды тиешелүү даярдыктардан өткөрүп, англис тилине басым жасоо менен дүйнөлүк университеттерде акысыз окууга мүмкүнчүлүк берген бул мектепте билим алуу өтө татаал экендигин башкы директору баса белгилейт. Анткени эки жыл бою күн сайын кошумча сабактарды алуу үчүн келип туруш керек болот.

111111111111111111111111111111111111111111111 Дүйнөнүн эң мыкты университеттерине акысыз окуууга өткөн кыргызстандык окуучулар
Алтынбек Бегалиев – “Logos” компаниясынын директору

“Биз окуучулардын сабакка келишин катуу көзөмөлдөп, дайыма бааларды коюп турабыз. Алган билимин текшерип турчу экзамендерибиз бар. Мына ушул процесстерден кийин гана балдар чет өлкөгө окууга тапшырышат. Бардык эле окуучулар аягына чейин чыга бербейт, мектептен четтетилген окуучулардын саны да аз эмес. Алар окубаса, сабактарга келбесе же алган баасы начар болсо кетирбеске айла жок болот. Анткени андай окуучунун ата-энесине жакшы жыйынтык болот деп кепилдик бере албай калабыз. Ошондуктан биз тандап алуу жана окутуу процедурасына өзгөчө көңүл бурабыз”.  

a00f7b7086ed8b5dbe15811dcc29b767 Дүйнөнүн эң мыкты университеттерине акысыз окуууга өткөн кыргызстандык окуучулар

Бул мектеп окуучуларды акысыз жана коммерциялык негизде окутуп келүүдө. Бекер окууга окуучуларды тандоо үчүн жыл сайын “Logos” мектеби атайын конкурс уюштуруп, андан өткөндөр компаниянын эсебинен билим алууга мүмкүнчүлүк алышат. Быйыл дүйнөнүн мыкты университеттерине тапшырып өтүп кеткендердин арасында акысыз окуп аяктагандар да бар.

Акча төлөп окугусу келген окуучуларда негизги өз мектебинде “3” деген баалары болбошу керек жана билимге болгон каалоосу жогорку деңгээлде болушу шарт.

Быйылкы бүтүрүүчүлөрдөн Нурсултан Абдуллаев Америка Кошмо Штаттарынын Duke  жана Carnegie Mellon университеттерине өттү. Duke университетинде 240 миң доллар грант утуп алуу менен толук акысыз окууга мүмкүнчүлүк алды.

44 1 Дүйнөнүн эң мыкты университеттерине акысыз окуууга өткөн кыргызстандык окуучулар
Нурсултан Абдуллаев – “Келечектеги лидерлер мектебинин” бүтүрүүчүсү

“Чет өлкөгө окууга тапшыруу үчүн көп экзаменден өтүп жакшы баалар жана жетишкендиктерди көрсөтүш керек. Андан сырткары эссе жазып, айрым учурларда интервьюдан да өтүш керек болот. Мына ушул жолду басып өтүп, документтерди жөнөтүү процессинен кийин университет студентти кабыл алабы жокпу өзү чечет.

Мен ал университет үчүн эки экзаменден өттүм. Англис тилинин деңгээлин көрсөтө турган TOEFL жана стандарттык SAT тестин, Кыргызстандагы ЖРТнын АКШдагы аналогу. TOEFL боюнча бардык 120 упайдан 107 упай алып, SATден мүмкүн болгон 1600 упайдан 1520ны алдым.  

Мен компьютердик илимдерге жана программалоого басым жасаганы үчүн ушул университеттерге тапшырдым. Анткени бала чагымдан ноутбук менен иштеп программалоого кызыгып, электрондук каражаттарга жакын болчумун. Бул багытта окуу үчүн математика, физика жана сөзсүз түрдө англис тилине өзгөчө басым жасаш керек”.

Carnegie Mellon University Ansys Hall 996x554 1 Дүйнөнүн эң мыкты университеттерине акысыз окуууга өткөн кыргызстандык окуучулар
АКШдагы Carnegie Mellon университети

Чет элдик университетке кайсы экзамендер керек болсо, балдар ошол боюнча гана даярдалат. Англис тилин жетиштүү деңгээлде билерин далилдей турган TOEFL же IELTS экзамени жана тил менен математика деңгээлин аныктай турган SAT экзаменин тапшыруу башкы талаптардан.

Быйылкы бүтүрүүчүлөрдөн Данайым Талантбекова да мыкты жыйынтыктарды берип, АКШнын Northwestern университетинен 242 миң долларлык грант утуу менен акысыз окууга мүмкүнчүлүк алды.

11111 Дүйнөнүн эң мыкты университеттерине акысыз окуууга өткөн кыргызстандык окуучулар
Данайым Талантбекова – “Келечектеги лидерлер мектебинин” бүтүрүүчүсү

“Мен өткөн окуу жай Northwestern University деп аталып, анын кампусу Катар мамлекетинде жайгашкан. Рейтинг боюнча АКШда 9-орунда турса, дүйнөдө 23-орунда.

Биринчи классымдан баштап №12-Окуу-тарбия комплекс мектебинде билим алдым. “Logos” мектебине конкурстун негизинде келдим. “Келечектеги лидерлер мектеби” долбоору былтыр кышында конкурс уюштурган, анда мен 10-класста элем. Анын жыйынтыгында 100 пайыз акысыз окууга мүмкүнчүлүк алдым. Биздин директорубуз мага толук ишенгендиктен болду деп ойлойм. Менин билимим өтө жогорку деңээлде болчу дебейм, бирок ошол жылды бир гана окууга арнадым. Математика, англис тили жана башка билимимди өрчүтүү үчүн болгон аракетимди жумшадым”.

EDU041 Дүйнөнүн эң мыкты университеттерине акысыз окуууга өткөн кыргызстандык окуучулар
Катар мамлекетинде жайгашкан Northwestern университети

Чет элдик университетке тапшырууда бир гана бааларга жана экзаменге басым жасабастан, класстан сырткаркы активдүүлүккө да көңүл коюш керек. Мыкты университетке өткөн окуучулардын бардыгы атайы коюлган кураторлордун жардамы менен же өз ара биргелешип иштөө жолу аркылуу жеке долбоорлорун жасап келишет. Ошондой эле окууга тапшыруу үчүн сөзсүз түрдө атайы эсселер жазылат. Үлгүлүү эссе жазуу үчүн окуучуда англис тилиндеги сөз байлыгы терең болушу керек.

11-класстан кийин кабыл албаган дүйнөлүк алдынкы окуу жайларга өткөндөр бул жолу арбын. Маселен, Темирлан Садыков Япониянын эң мыкты 10 университетине кирген Keio жогорку окуу жайына кабыл алынды. 12 жылдык окуудан кийин гана алган бул университет Темирландын билим деңгээли жетиштүү экендигине ынанган соң макулдугун берди.

7777777 Дүйнөнүн эң мыкты университеттерине акысыз окуууга өткөн кыргызстандык окуучулар
Темирлан Садыков – “Келечектеги лидерлер мектебинин” бүтүрүүчүсү

“Мен тапшырган университет Япониянын борбору Токио шаарында жайгашып, дүйнөлүк рейтинг боюнча 82-орунда турат. Бул окуу жайга тапшыруу үчүн алгач 10-классымда англис тилин окуй баштадым. Башында англис тилин үйрөнүү татаал болуп, бирок аракет кылып күчтөп алдым. Андан соң, SAT тестине беш ай ичинде даярдык көрүп тапшырганымда жыйынтыгы жакшы болбой калган. Буга байланыштуу башты жерге салбай дагы үч ай даярдыгымды көрүп 1450 упай топтой алдым. TOEFL боюнча да алгачкы көрсөткүчүм көңүл жылытарлык болбой калганы менен, экинчи жолу тапшырганымда 109 упай алып кубандым.

Мен физика жана маалымат технологияларына басым жасаган факультетке окууга тапшырдым. Толук англис тилинде окууга даярмын, анткени тилди мыкты деңгээлде өздөштүрдүм. Болгону жапан тилинде окуй турган болсом, кыйынчылыктар жаралышы ыктымал. Ошондуктан учурда жапан тилин үйрөнүп жатам”.

12121212 Дүйнөнүн эң мыкты университеттерине акысыз окуууга өткөн кыргызстандык окуучулар
Токио шаарындагы Keio университети

Жыл сайын “Logos” мектебинин бүтүрүүчүлөрү 5-6 өлкөнүн күчтүү 15-16 университетине тапшырып келишет. Алардын дээрлик бардыгы өз орундарын таап, каалаган факультеттерине өткөндөр. Эң башкысы талыкпай эмгек кылып, жигердүү аракеттерди гана жасаса окуучу өз максатына жетерин белгилешти.

IMG 015 keio2020 Дүйнөнүн эң мыкты университеттерине акысыз окуууга өткөн кыргызстандык окуучулар
Японияда жайгашкан Keio университети
YouTube video