Дүйнө чемпиондугуна эки команда жолдомо алды

Түндүк Америка континентинен Мексика менен АКШ 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна жолдомо утту.

АКШнын футбол боюнча курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандоо этабынын акыркы оюнунда Коста-Рикага 0:2 эсебинде утулуп калды. Муну менен эки команда тең 25тен упайга ээ болушту. Бирок АКШ голдордун саны боюнча (21:10) алдыда болуп, Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алды (Коста-Риканын голдорунун саны – 13:8).

Ал эми Мексика Сальвадор менен кез келип, 2:0 эсебинде жеңип, Катарга жолдомо алды.

Муну менен Катарга бара турган жалпы 32 команданын 29у белгилүү болду. Алар Европадан: Англия, Бельгия, Германия, Дания, Испания, Голландия, Польша, Португалия, Сербия, Франция, Хорватия жана Швейцария;

Азиядан: Иран, Катар, Сауд Арабиясы, Түштүк Корея жана Япония;

Африкадан: Гана, Марокко, Сенегал, Камерун, Тунис;

Түштүк Америкадан: Аргентина, Бразилия, Эквадор, Уругвай;

Түндүк Америкадан: Канада, Мексика жана АКШ.

Дүйнө чемпиондугуна чүчү кулак тартуу аземи 1-апрель күнү Доха шаарында өтөт.