Билим министринин орун басары болуп Улан Мамбетакунов жана Абазбек уулу Расул дайындалды

Билим берүү жана илим министринин жаңы 2 жаңы орун басары дайындалды.

Министрликтен билдиришкендей, министрдин илим тармагындагы орун басары болуп Улан Мамбетакунов, кесиптик жана жогорку билим берүү боюнча орун басары болуп Абазбек уулу Расул дайындалды.

Алар кызматынан бошотулган Айгүл Абдраева менен Гүлнур Жайнакованын ордуна келишти.

Уланбек Мамбетакунов буга чейин Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти, а Расул Абазбек уулу министрдин кеңешчиси болчу.