
БШК Свердлов округунда өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгара элек. БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.
Бекматов кабарлагандай, бүгүн саат 15:00дө Свердлов округунда өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча эң көп добуш алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызы административдик сотто каралат.
«БШК соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгы менен, ошого ылайык өзүнүн чечимин чыгарат»,-деди Бекматов.