Эртең Бишкектин кээ бир аймактарында суу болбойт

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, 10-мартта саат 9:00дөн 20:00гө чейин «Энесай», «Дордой-1», «Дордой-2» конуштарында таза суу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде жана өнөр жайда убактылуу суу болбойт.