Ысык-Көл ОИИБде Мамлекеттик желек күнүн белгилешти

Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желек күнүнүн 30 жылдык салтанатына арналган иш чара болуп өттү.

Мекемедеги салтанат, областтык милициянын борбордук аппаратынын өздүк курамынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Гимндин коштоосунда Мамлекеттик желекти көтөрүүдөн башталды.

Ысык-Көл ОИИБдин начальниги Канат Джумагазиев өзүнүн сөзүндө, Кыргызстандын Мамлекеттик желеги – биздин улутубуздун сыймыгы болорун белгиледи. «Мындан туура 30 жыл мурун алгач бийик көтөрүлгөн кызыл желегибиз, ар бир атуулубуздун жүрөгүндө жоопкерчиликти, патриоттуулукту, Мекенге болгон сүйүү сезимин ойготот. Бүгүнкү иш-чарабыз өсүп келе жаткан жаш муундарды мекенчилдикке, кыргыз элинин мамлекеттик символикаларын жана руханий баалуулуктарын урматтоо духунда тарбиялоо жагынан чоң мааниге ээ», – деп белгиледи ал.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун тарыхы, мамлекетибиздин мамлекеттик символдорунун мааниси жана маңызы тууралуу кыскача маалымат берилип кетти. Салтанат областтык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

WhatsApp Image 2022 03 03 at 09.58.33 3 Ысык-Көл ОИИБде Мамлекеттик желек күнүн белгилешти
WhatsApp Image 2022 03 03 at 09.58.33 2 Ысык-Көл ОИИБде Мамлекеттик желек күнүн белгилешти

Белгилеп кетсек, мамлекетибиздин символдорунун бири – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги 1992-жылдын 3-мартында бекитилген.