Таласта ЖКККБга кызматтык 5 жаңы унаа берилди


КРнын ИИМи тарабынан Талас ОИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө 5 даана жаңы “Шевроле-нексия” үлгүсүндөгү кызматтык унаалар жана 3 даана ылдамдык өлчөөчү “родар” берилди. Аларды 1-март күнү Талас ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Асанов Марлис тапшырды.

WhatsApp Image 2022 03 02 at 08.38.16 1 Таласта ЖКККБга кызматтык 5 жаңы унаа берилди

Унаалардын ачкычын тапшырып жатып: “ ИИМ тарабынан материалдык-техникалык базаны чыңдоо максатында жакшы көңүл бөлүнүп, шарттар түзүлүп жатат. Биздин милдет чынчыл иштеп, жол кырсыктарын болтурбоого аракет кылуу, жол кыймылындагы укук бузуулар менен күрөшүү. Жакшы түзүлгөн шарт натыйжалуу иштөөгө өбөлгө түзөт. Андыктан, сиздерден сапаттуу жана ийгиликтүү кызмат өтөөнү күтөм.

WhatsApp Image 2022 03 02 at 08.38.16 Таласта ЖКККБга кызматтык 5 жаңы унаа берилди

Берилген кызматтык мүлктөргө татыктуу аяр мамиле кылып, күнүмдүк жумушта натыйжалуу колдонот деп ишенем”-деди.


Ачкычтар алынган соң унаалардын абалы кароодон өткөрүлүп, бекитилген жол сакчылар унааны кабыл алышты. Унаалар милицияга керектүү заманбап техникалык каражаттар менен жабдылып, талапка жооп берет. Күйүүчү майды сарптоо жагынан да үнөмдүү, ыңгайлуу экендиги аныкталды.

Бир авто унаа Талас райондук ички иштер бөлүмүнө жол кыймылын көзөмөлдөөгө жана калгандары талдоонун негизинде, муктаждыкка жараша башка аймактарга берилет. Себеби, Талас районунда эң көп жол кырсыктары катталат жана узундугу боюнча дагы облустун дээрлик көп чакырымын ээлейт.


Талас ОИИБнин басма сөз кызматы.