Эмилбек Абдыкадыров: Эң биринчи кезекте таштанды полигону маселесин чечем

Бүгүн, 2-мартта Бишкек мэри кызматына жаңы дайындалган Эмилбек Абдыкадыровдун алгачкы маалымат жыйыны болуп, калааны өнүктүрүү планы менен тааныштырды.

“Борбордо эмне болуп жатканын мен дагы массалык маалымат каражаттарынан билип турам.
Менин өмүр жолум Бишкекке байланыштуу. 30 жылдан ашык борбордо түрдүү кызматтарда иштедим. Бишкек шаары мен үчүн өтө кымбат. Аны жашыл шаарга айлантып, өнүктүрүү максаты менен келдим.
Урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевич мага ишеним артканы чоң жоопкерчилик деп эсептейм.
Азыркы маалда борборубузда көйгөйлөр өтө көп. Менин келгениме төрт күндөй болуп калды. Ал убактан бери район администрациялары жана вицелериме тапшырмаларды коюп жатам.


Жакында боло турган шаардык кеңешинин сессиясында шаардын өнүгүшү тууралуу программа каралмак. Бирок аны кайра артка чакырып, өзүмдүн да пландарымды кошууну туура көрдүм. Ал жыйында шаардын бюджети да каралат.
Бизде шаарда система бузулуп калган. Анын негизинде кандай билимдүү адам келбесин абалды оңдоо кыйын. Ошондуктан системаны оңдоону карайын деп жатам.


Шаарда жол, смог, курулуш, таштанды маселелери жана башкалары өтө көп. Анын үстүндө биз учурда иштей баштадык.
Менден мурунку мэр шаардын оптимизация иштерин жасаган. Бирок аларга мен корректировкаларды киргиздим. Чечимдер ар бир райондордо кабыл алынышы керектигин пландап жатабыз. Бардыгын эле мэрия эмес өздөрү да чечүүгө жол беришибиз керек. Мындан ары кандай гана маселе болбосун акимчиликтер өздөрү чечиши керек.
Ал эми Бишкек мэриясы биринчи кезекте инвестиция тартышы керек. Транспорт маселеси жана андан башка чоң маселелерди карашы керек. Элге жакын иштегендер көбүнчө акимчилик, ошондуктан көп ыйгарым укуктарды аларга берип жатам.


Менин позициям кадр саясатында профессионалдар иштеши керек. Тааныш, тууган жана жердеш дегендер болбошу керек. Экинчи принцибим таштанды полигондорун көзөмөлгө алуу. Биздин мэрияда иштеген кызматкерлерге караганда учурда блогерлер жана журналисттер мыктыраак иштеп жатат. Мен аларды кош колдоп колдойм турганым анык. Кайсы гана маселе болбосун менден угуп анан чагылдырууга чакырам.


Шаардык кеңеште депутат болуп да иштеп жүрдүм. Депутаттар менен мэрия чогуу иштеши керек деп эсептейм. Бир орган болгондон кийин бир максатта иштөө аракетин жасашыбыз керек.
Транспорт боюнча тариф маселеси чыга турган болсо, мындан ары шаардык кеңеш карашы керек болот. Мен бул тууралуу аларга айттым.


Район администрацияларына жана шаардык кеңешке кайрылып, ачык айкын иштөөгө чакырам.
Мен вице-мэр болуп Бишкекте иштеп жүргөндө Москванын өкүлдөрү менен да жолугуп тажрыйба алгам.
Эң биринчи көйгөйлүү маселе таштанды полигону, аны чечүү үчүн таштандыны кайра иштетүүчү завод курууга аракет кылып, тендер жарыялайбыз.


Андан соң транспорт маселесиндеги жол тыгындарын карап, ал тармакта иштеген кызматкерлердин оюн угабыз.
Шаарыбыздагы “брусчаткалардан” алыстап асфальтка өтүшүбүз керек. Бишкекке эң сапаттуу асфальт жасай турган завод керек.
Ошондой эле смог маселесин чечүүгө киришуубуз керек. Өкмөттөн комиссия түзүлгөнү менен бул көйгөй чечилбей келе жатат.
Сугат маселесинде да суу жетишпестигинен улам көйгөйлөр бар. Шаарды жашылдантуу үчүн бул маселени кароо алдыңкы пландарда турат. Беш ай өтөбү, алты айбы бул айткандар аткарылат”.