Украинанын аймагында 1357 Кыргызстандын жараны эвакуацияланат

Украиндагы соңку кырдаалга байланыштуу, ал жакта убактылуу жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктарды эвакуациялоо маселесин элчилик карап жатат. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Украинанын аймагында 1357 Кыргызстандын жараны жүрөт, анын ичинен 680и элчиликте каттоодо турат.

Бүгүнкү күндө Украинандан чыгып кетүү үчүн Украинадагы Кыргызстандын элчилигине 300дөн ашык кайрылуулар келип түшкөн