Думан Рыскулов: Россияда 20 миң рубль тапкан мигрант азыр 19 миң сомдой эле таба баштады

66666666666 Думан Рыскулов: Россияда 20 миң рубль тапкан мигрант азыр 19 миң сомдой эле таба баштады

Бүгүн Россия аскерлери Украинага киргенден кийин доллар менен евронун рублге карата наркы өсүп жатканы байкалууда. Банктар аралык рынокто евро 101 рубль болсо, доллар 90 рубль экендиги маалым болду. Евробиримдик жана АКШнын Россияга киргизген санкцияларынан кийинки бул өзгөрүүлөр Кыргызстанга да таасирин берет. Бул тууралуу BULAK.KG сайтына “Альянц” акча алмаштыруу бюролорунун ассоциациясынын директору Думан Рыскулов билдирди.

“Азыр кандайдыр бир прогноз жасоо кыйын болуп жатат. Бирок бизге да бул өзгөрүүлөр сөзсүз таасирин берет. Россияда миллиондогон биздин мигранттарыбыз эмгекетенип жатат. Учурда рублдын сомго карай наркы бир сомдон ылдый түштү. Маселен, Россияда 20 миң рубль алып иштеп жүргөн мигрант азыр 19 миң сомдой эле акча таап жатат.

Бул маселелерди жөнгө салуу иштери биздин Улуттук банктын саясатына байланыштуу жүрөт. Алардын чечиминен өлкө ичиндеги рубль жана доллардын наркы аныкталат. Эгер алар мигранттарды ойлоп интервенция аркылуу долларды 87-88 сомдон өйдөрөөк кылып сата турган болсо, азык-түлүккө, товарга болгон баа өсүп кетет. Анын үстүнө мамлекет импорттон көз каранды болуп турган учур.

Бүгүн саат 15:00дө Улуттук банктын жетекчилиги менен жолугушуу өтөт. Ошол жыйында иш кандай аткарылары аныкталат. Экономикалык жактан чечим чыгаруу оңой болбойт”, – дейт Думан Рыскулов.