Эмил Джураев: Кыргызстан чоң чырда Россияны колдобой кое алабы?

Россиянын президенти Владимир Путин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасын” таануу боюнча Жарлыкка кол койгон соң, Евробиримдик даярдап койгон санкциялар ишке кире баштай турганы маалым. Россия менен Украинанын ортосундагы чыр Кыргызстанга кандай таасирин бериши мүмкүн? Бул тууралуу BULAK.KG сайтына саясат талдоочу Эмил Джураев оюн билдирди.

Бул аймактар 2014-жылдан бери аскердик тармактан экономикалык тармакка чейин Россиянын көзөмөлүндө турат. Бул эки мамлекеттин көз карандысыздыгын таануу менен, Россия аларды өздөрүнө көз каранды кылып алганы эл аралык аренада жасалган туура эмес кадам десек болот. Дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүнүн жана кол тийбестигинин негизинде куралган эл аралык тартипти бузуп жатат.

Ошол эл учурда бул региондорго байланыштуу маселени дагы оорлотууда. Украина үчүн бул күтүлгөн эле кырдаал болчу, эми кантип чечилет белгисиз, татаал маселе.

Бардык тармак боюнча Россия менен тыгыз алакада болгон биздей өлкөлөргө оор сыноо болуп жатат. Эгер орустар санкциялардын экономикалык же башка түрлөрүнөн жапа чексе, ал көрүнүштөр бизде да кайталана берет. Рублдин артынан биздин валютанын девальвациясы, кымбатчылык, эл аралык деңгээлдеги жүк ташуу көйгөйлөрү да курчуйт. Биз мындай кырдаалды баштан өткөргөнбүз. Бирок азыр болуп жаткан кризис менен бирге мурункудан да күчтүү болушу ыктымал.

Россия Федерациясы жакынкы күндөрү өзүнүн тегерегине ЖККУнун алкагындагы өнөктөштөрүн тартышы мүмкүн. Мындай чечимдерде бизде өз алдынчалуулук жок болгондуктан жоопкерчиликтүү учурлар болот. Россиянын эл аралык мыйзамдарга каршы келген деструктивдик аракеттерин колдобой кое алабызбы деген суроо жаралаууда.

Эгер Россия Украина менен согушуу үчүн барса, албетте алар агрессор тарап болот. Анткени Украина алардын аймагына кирген жери жок. Аскердик аракеттер башталып кетсе, Россия ЖККУ күчтөрүнө кайрылышы ыктымал.