
Ак-Булак айылында жаңы фабрика ачылды
17-февраль күнү Түп районунун Ак-Булак айылында 100 орунду кийим тигүү фабрикасы ачылып, ишке кирди.

Ачылышка Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, “Кумтөр” ишканасынын тыштан башкаруучу директору Тенгиз Бөлтүрүк, Ысык-Көл облустук тигүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Чыныбек Ажыбеков, район жетекчилиги, жергиликтүү жетекчилер жана айыл тургундары катышты.

Тигүү фабрикасын “Салкын” ЖЧКсы Ысык-Көл облусунун жетекчиси Мирбек Кожоевдун демилгеси менен ачты. Каржылоосу, Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондусу тарабынан 10 миллион сом бөлүнсө, “Салкын” ЖЧКсы 24 миллион 500 миң сом өздүк салым көрсөткөн.