Шуба кийген апалар талкууда

Интернет айдыңында шуба кийген аялдардын шуба күнүн белгилеп, майрамдап жаткан видеосу жарыяланып, коомчулуктун кызуу талкуусун жаратууда.

Тасмада аялдардын бири «Кар жаап шубалардын күнү деп келдик. Кар жаап заказ бердик эле» деп жатканын, дагы бири «Быйыл кар жок шубалар дагы нааразы болуп калды кийилбей деп, бүгүн шуба күнү кылалы десек мынтип карды дагы берип койду. Ошо менен биз шуба күнүн белгилеп жүрөбүз» дегенин көрүүгө болот.

Шуба күнүн белгилеп жаткан апалардын бири, мындан ары 9-февраль кар, жамгыр жааса да, күн ысык болсо дагы шуба кийип жүрүшөрүн айткан.

Аталган видеого интернет айдыңында жылуу пикир жазгандар менен бирге эле терс пикирлерин жазгандар дагы арбын болду.
Айрым колдонуучулар, «Аман болгула апалар», «Балдарыңар кыйналып иштеп жүрсө силер жыргап шуба кийип, самогон ичип жүргөнүңөр кандай?», «Аксакал эле апалар ичимдик ичпей эле койбойбу», «Шуба менен мактанчу заманга жеттикпи» деген өңдүү пикирлерди калтырышкан.