ИИМ: Курал-жарактарды жүгүртүүнү көзөмөлдөө үчүн бардык чаралар көрүлүүдө

Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык жана кызматтык куралдын
жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө “Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын жана мыйзам алдындагы актылардын алкагында Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги колдонуудагы ченемдик
укуктук актыларга ылайык, учурдагы тенденцияларды эске алуу менен
ченемдик актыларга текшерүү жүргүзөт.

WhatsApp Image 2022 02 10 at 18.17.28 2 ИИМ: Курал-жарактарды жүгүртүүнү көзөмөлдөө үчүн бардык чаралар көрүлүүдө


Алсак, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан
2021-жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан
кол коюлган «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси көтөрүлүп, анда курал-жарактарды сатып
алууга уруксат алууну күчөтүү боюнча ченемдик укуктук актылар каралган.
куралды сатып алууга уруксат, мисалы, куралды сатып алуу максатында арыз
берген жарандын жашын 20 жаштан кем эмес болушу, же куралдын белгилүү
бир түрүн алуу үчүн милдеттүү түрдө атайын окуу жайларында окутуу жана
даярдыктан өткөзүү ж.б.


Ошондой эле, биринчи жолу мыйзам алдындагы актылар иштелип чыккан
«Жарандык жана кызматтык куралды сактоого каршы болгон оорулардын
тизмеси», «Газ куралдарынын, механикалык чачкычтардын, патрондордун
курамында колдонууга уруксат берилген көздөн жаш агызуучу жана
дүүлүктүрүүчү заттардын тизмеси, жарандык өзүн-өзү коргоо куралдары,
аэрозолдук жана башка приборлор», «Куралдын ээлерин жана
пайдалануучуларды баштапкы даярдоодон өткөрүүнү уюштуруу программалары
жана курал менен коопсуз иштөөнүн эрежелери.
Мындан тышкары, бул системадагы коррупцияны азайтуу чаралары көрүлүүдө.
Арыз берүүчү менен уруксат документтерин кароого жооптуу адамдын
ортосунда түз байланыш жок.


Анткени, бардык уруксат берилүүчү документтер республиканын аймагында
иштеп жаткан “Бирдиктүү терезе” аркылуу берилет жана мындай борборлор
бардык ири аймактык административдик райондордо ачык.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан
жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу тактоо иштери жүргүзүлүп, ички
иштер органдары тарабынан куралдын ээлерин жана пайдалануучуларын
текшерүү, ошондой эле мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды жана
ок-дарыларды алуу боюнча чаралар көрүлөт.
Ушуга байланыштуу куралдын ээлерине жана пайдалануучуларына алардын
курал-жарактары үчүн уруксат мөөнөттөрүн текшерүүнү сунуштайбыз.
КР ИИМ эскертет, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин
267-беренесине ылайык куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүрткөндүгү үчүн
50 миңден жогору айып пул салынат же 10 жылга чейинки мөөнөткө
эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул беренеде көрсөтүлгөн буюмдарды ыктыярдуу тапшырган адам
ушул беренеде каралган жосун үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен
бошотулат.


Кыргыз Республикасынын «Курал жөнүндөгү» Мыйзамына жана Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралында кабыл алынган
токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары, чет элдик жарандар
жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар таап алган же
аларда мыйзамсыз сакталган куралды жана ок-дарыларды акы төлөнгөн же
акысыз негизде өз ыктыяры менен тапшыра алышат.
Ыктыярдуу тапшыруу деп адамдын куралды жана ок-дарыларды өз эрки менен
берүүсүн же алардын турган жери жөнүндө ички иштер органдарына
билдирүүсүн түшүнүү керек.


Адамды кармоодо, ошондой эле куралды жана ок-дарыларды табуу жана алып
коюу боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүүдө аларды алып коюу аларды
ыктыярдуу тапшыруу деп таанылбайт.

КР ИИМдин Басма сөз кызматы