Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 8-февралында Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек ара аркылуу наркотикалык каражаттарды алып өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын жаранын кармашкандыгын маалымдайт.
КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара кезмети кызмат өтөө учурунда Кыргызстандан Өзбекстанды көздөй мамлекеттик чек арага бара жаткан жаранды байкашкан жана мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз кесип өтүү аракетине бөгөт коюуу максатында чек арачылар чек ара бузуучусун кармашкан. Колуна кармаган баштыкчасы (пакет) бар болчу.
Текшерүү учурунда баштыкчанын ичинен өзгөчө жыты бар өсүмдүк заты, болжолдуу түрдө гашиш баңгизаты табылган, жалпы салмагы 2 кг 500 гр. түзгөн.
Окуянын чоо-жайын тактоо учурунда кармалган жаран Өзбекстан Республикасынын 1995-жылы туулган А.А.у., аттуу жараны экени белгилүү болду.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана баңги заттар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.