Бакыт Төрөбаев Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек араны жөнөкөй жарандар үчүн жоюп салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек араны жөнөкөй жарандар үчүн жоюп салуу сунуштады.

“Мына кечээ Казакстандагы кырадаалда кыргыз жарандары  Москвада аэропортто калып калган, Бишкектен дагы аларга тамак берип, мейманканаларга жаткырып, сый-урмат көрсөтүштү.

Маселен, Орусия менен Белорусиянын ортосунда жөнөкөй жарандар үчүн чек ара жок.  Мына биз дагы Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек араны жоюу боюнча маселени көтөрүп чыгышыбыз керек.”- деди.