Баткенде электр чубалгыларын оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ошэлектронун кызматкерлери ал жакта оперативдүү түрдө иштеп жатышат. Жакын арада ар бир үйгө электр энергиясы кошулат.
Эске сала кетсек, кечээ, 27-январда Таджикистан тараптан ок атылып Баткендин “Ак-Сай”, Кок-Таш”, “Орто-Боз”, “Жаны-Бак”, “Таш-Тумшук”, “Кок-Терек” айылдарында электр энергия өчкөн болчу.