
Лейлек районунунда 2022-жылдын 24-25-январь күндөрү “Селсаяк” иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө район аймагындагы жайгашкан орто мектептерде милиция кызматкерлери ата-энелерге, окуучуларга чогулуштарды уюштуруп, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында сүйлөшүүлөр жүрдү.

Ошондой эле жаш өспүрүмдөрдүн жол коопсузудугу боюнча жол эрежелери окутулду.
Базарларда, көчөлөрдө тилемчилик кылып жүргөн жаш өспүрүмдөрдү аныктоо максатында иш жүргүзгөндө, жыйынтыгында 4 жаш өспүрүм кайырчылык кылып жүргөндөрү аныкталды. Алардын жашаган даректери аныкталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелерине тапшырылды.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуучулары тарабынан укук бузган фактылар аныкталган жок.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы