Кыргызстанда жакын арада 4-революция болобу?

Коңшу Казакстанда болуп өткөн башаламандыктардан жүздөгөн өмүр кыйылып, шаарлар талкаланды. Суюлтулган газга болгон баанын жогорулашы элдин нааразычылыгын жаратып, толкундоолорду баштаган эле.

Кыргызстанда да азык-түлүккө, күйүүчү майга, курулуш материалдарына болгон баа өсүп бара жаткандыктан, алдын ала кооптонуулар болбой койгон жок. Мына ушул себептерден улам өлкөдө толкундоолор болуп кетпейби деген суроону BULAK.KG сайты саясатчыларга жана саясат талдоочуларга берди.

Эмил Жороев – саясат талдоочу: Бийликтин обу жок кысымдары логикага жатпайт

Кыргызстанда жакын арада 4-революция болобу?

«Азыр Кыргызстанда конкреттүү бир маселеден улам толкундоолор чыгып кетиши мүмкүн деп айтуу кыйын. 2010-жылдагы нааразылыктарга бензиндин баасы жана телефондун кошумча төлөмү түрткү болгон. Мындан башка да канчалаган себептер көбөйдү. Социалдык, экономикалык ар кандай көйгөйлүү маселелер калктын нааразычылыгын жарата бериши мүмкүн, бирок, чындап толкундоолорго түртүш үчүн кайсы бир тармакта кескин өзгөргөн шарт керек деп ойлойм.

Кыргызстанда буга чейин да туруктуулукту бузган саясий кескин аракеттер болуп келген. Айрыкча акыркы убактарда бийлик тарабынан оппозициялык мүнөздөгү топко обу жок кысым көрсөтүп, куугунтук болуп жатканын көрүүдөбүз. Мындай көрүнүштөр коом арасында чок таштап, башаламандыктардын башталышына түрткү болушу ыктымал”.

 Феликс Кулов – саясатчы: Бизде Казакстандагыдай башаламандыктар болбойт

kulov Кыргызстанда жакын арада 4-революция болобу?

 “Казакстандагыдай чоң толкундоолор болуп кетишине азырынча себептерди көрбөй турам. Баалардын өсүп жатканын байкоодобуз, мындан ары деле өсө берчүдөй. Бардык товарларды биз Казакстан аркылуу транзит менен алабыз. Министрлер кабинети калың элге коңшу өлкөдө болгон окуялардын кесепетин жакшы түшүндүрүп, биздин товарлар тоскоолдуксуз өтүшү үчүн, казактар менен бирге тиешелүү келишимдерди киргизиши керек. Кадимки ыргак бузулуп кала турган болсо, баалар дагы өсүп кетиши ыктымал.

Азыркы бийликке каршы туруп, туруктуу абалды бузуп сала турган күчтөрдү учурда көрбөй турам. Түрдүү митингдер боло берет, бул адаттагы эле көрүнүш. Бийликтегилер аларга каршы ашкере күч колдонуп, кууй бербеши керек. Буга чейинки болгон окуялардан сабак алышы кажет, анткени мындай кыймылдар ар бир адамдын конституциялык укугу”.

Игорь Шестаков – саясат талдоочу: Жаңы салык кодекси тууралуу ишкерлерден жакшы пикир уга элекмин

1596538894 politolog igor shestakov Кыргызстанда жакын арада 4-революция болобу?

“Биз мындай кырдаалдан буга чейин үч жолу өттүк. Коомчулук бийликтин алмашуусу менен жашоо-турмуш жакшырбай жатышына жана миграциялык агымдын өсүп жатканына нааразы. Буга далил катары акыркы шайлоого катышкандардын санын алып карасак эле болот. Социалдык-экономикалык абалды көтөрүшү керек болгон мамлекеттик институттарга эл ишенбей деле калды.

Жаңы салык кодексинин кабыл алынышы менен кичи жана орто бизнес өкүлдөрү анчалык чоң эмес болсо да, нааразылык акцияларын өткөрө баштады. Ишкерлердин арасынан бул жаңы кодекс боюнча жакшы сөз айткандарын азырынча уга элекмин. Кичи жана орто бизнес аркылуу адамдар каражат таап, турмушун жакшыртып келишет, өлкөнүн экономикасы да дал ушул бизнеске таянат. Ал эми мамлекеттик долбоорлор – иштеп чыгуу жана шайлоо алдындагы убада фазасында турат”.

Исхак Масалиев – ЖК депутаты: Кызыл лентаны дааратканаларга эмес, заводдорго кесиш керек

974127.a48dfa1c23dfa927484c976b4adb5226 1 Кыргызстанда жакын арада 4-революция болобу?

«Элдик көтөрүлүштүн чыгып кетиши оңой эле, турмуш оңолбой тамак-аштын баасы кымбаттап кете бере турган болсо, толкундоолорго себеп болуп кетиши мүмкүн.

Саясатты четке калтырып, көбүрөөк экономикалык абалды көтөрүүнү көздөбөсөк, элдин нааразычылыгын жараткан жагдайлар күн санап өсө берет. Өткөн жылы өкмөт жаңы жылдан баштап энерготарифтерди көтөрөбүз деп айткан. Бирок мага белгилүү болгондой, ал маселени азыр карашпайт экен, бул туура чечим деп ойлойм. Анткени ал тарифтерди көтөрө турган болсо дагы бир себеп жаралмак.

Кооптонууну жараткан себептер толгон-токой, тарифтерден баштап элдин жашоо-турмушуна чейин. Айлыкты көтөрүп, жумуш орундарын түзүп, аракеттерди кылуу керек. Даартаканаларга кызыл лента кескендин ордуна, заводдорго лента кессек элдин кыжырына тийген себептер азаймак”.

Тамерлан Ибраимов – саясат талдоочу: Садыр Жапаровдо реформаларды жасоого убакыты аз калды

131254 Кыргызстанда жакын арада 4-революция болобу?

«Кыргызстандагы экономикалык абалга жакшы деп баа берүүгө болбойт. Акыркы эки жыл ичинде баалардын көтөрүлгөнү үчүн, элдин жашоо деңгээли төмөндөп кетти. Эки жыл мурун азыркы миң сомго көбүрөөк азык-түлүк сатып алганга мүмкүнчүлүк бар эле. Кедейлердин саны өсүп, мамлекет реформаларды жасоодо өз чеберчилигин көрсөтө албай жатат.

Бирок, менимче азыр коомдогу социалдык маанай анчейин төмөндөп кете элек. Себеби, адамдар бийликтен дагы да реформаларды күтүп, жашоонун жакшырып кетишине үмүт артууда. Ошол эле учурда, бийликте же Садыр Жапаровдо аталган реформаларды жасап калууга убакыты азайып баратат.

Кайсы бир тармактарда бийлик аракеттерин кылып жаткандай, бирок кадр саясатынын башаламандыгы жана билимсиз адамдардан улам өлкөнүн алдыга жылышы өтө жай жүрүүдө же таптактыр ордунда эле тургандай туюлат”.

Зайнидин Курманов – саясат талдоочу: Демократиялык мамлекетти түзөбүз деп жатып, бюрократиялык жана олигархтык мамлекетти түзүп алдык

1013308673 0 104 999 669 1920x0 80 0 0 c7de31291e1b1a7b61b3ea8d77ab4d3b Кыргызстанда жакын арада 4-революция болобу?

«Ар бир мамлекеттин өзгөчөлүгү бар, Казакстанда газдан улам чыкса, бизде телефон тарифинен улам чыккан. Негизи эле баа көтөрүлгөндө ызы-чуу көп болуп келет. Биздин өлкөнүн ички дүң продукциясы казактарга салыштырмалуу бир адамга өтө төмөн, мамлекетибиз кедей.

Азыркы маалда рыноктун шартында баалар кымбаттап жатат, ошондуктан элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын коргой турган өкмөт куруш керек. Өз кезинде убактылуу өкмөт эмнеге гана бааны көтөргөн жок, электр энергиясынын баасын 4-5 эсеге көтөрсө эл унчукпай отурбадыбы. Укуктук, демократиялык мамлекетти түзөбүз деп жатып, бюрократиялык жана олигархтык мамлекетти тузүп алдык. Өкмөттөгүлөрдүн айлыгы чоң, көптөгөн адамдар мамлекетке иштебей эле өз чөнтөгүн толтуруп жатышат. Ал эми олигархтар өздөрүнүн башкы маселеси – баюуну чечип жатышат. Бизде 30 жыл ичинде олигархтык экономика жана бийлик орноп, жөнөкөй эл каралбай калды. Казактар көптөгөн тармак боюнча алдыга кетип калганы менен элди унутуп калып, чаң-тополоң чыгып кетти”.