Казакстандын Алматы шаарында башаламандыкта күч органдары тарабынан кармалып, эки буту кабыргасы сынган кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков Бишкекке алып келинди.

Маалыматка караганда, ал учурда травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилди. Дарыгерлер анын абалы оор экенин айтышты.

Эске салсак, буга чейин Сыдыковдун жакындары эмерек орнотуучу болуп Алматыга барып-келип иштеп жүргөн Чолпонбекти казак күч кызматкерлери Алматыдагы башаламандыкка шектүү катары кармап, Кошмамбет айылын көздөй алып кетишкенин жазышкан.