12-январь күнү Гүлчө айылынын тургуну 71 жаштагы (Ү.Б.)аттуу аял киши үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгону кабарланган.
Жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшүп, аталган жарандын кийимдерин Гүлчө суусунун жээгинен табышкан. Жарандын жоголгону тиешелүү кызматка маалым болгондон тарта алгач, Алай райондук 68 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, издөө иши жүргөн.
Жаранды издөө иштери тынымсыз уланып, бүгүн да жерине Алай райондук №68 ӨКБдан 4 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер жана туугандарынан 3 адам тартылып, саат 11:10до дайынсыз жоголгон аял кишинин жансыз денеси суудан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Каза тапкан маркумдун денеси куткаруучулар тарабынан ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.