Парламентте 8 комитет түзүлдү

12-январда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар парламенттин түзүмүн жактырды. Жыйында айтылгандай, Жогорку Кеңештин төрагасынын үч жардамчысы болот.

Жалпы жыйында 72 депутат “макул”, экөө “каршы” добушун берди.

Сегиз комитет түзүлдү:

  • Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети;
  • Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитети;
  • Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитети;
  • Финансы-экономикалык саясат комитети;
  • Социалдык саясат, билим берүү, маданият, илим, саламаттык сактоо, спорт жана жаштар саясаты комитети;
  • Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети;
  • Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети;
  • Агрардык саясат, суу ресурстары жана региондорду өнүктүрүү комитети.