Кыргызпатенттин директору Венгриянын КРдагы элчиси менен инновациялар жаатындагы кызматташтыкты талкуулады

11-январда Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Шандор Дороги менен жолукту.

4L7A8503 Кыргызпатенттин директору Венгриянын КРдагы элчиси менен инновациялар жаатындагы кызматташтыкты талкуулады

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инновациялар жана стартап экосистемасын өнүктүрүү жаатында эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты.

4L7A8468 Кыргызпатенттин директору Венгриянын КРдагы элчиси менен инновациялар жаатындагы кызматташтыкты талкуулады

Кыргызпатенттин директору Р.Керимбаева жалпы инновация, анын ичинен инновацияга багытталган аймактагы жаштарды окутуу боюнча кызматташтыкты кеңейтүүнү сунуштады. Мындан сырткары, Венгриялык адистердин катышуусунда Кыргыз Республикасында инновациялык ишмердикти жайылтуу боюнча иш-чараларды уюштуруу маселесин ортого салды.

4L7A8469 Кыргызпатенттин директору Венгриянын КРдагы элчиси менен инновациялар жаатындагы кызматташтыкты талкуулады

Венгриянын элчиси Шандор Дороги Венгрияда инновациялар маселесин Инновациялар министрлиги карай тургандыгын белгилеп, дал ушул тармактагы кызматташтык Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыты болуп калышы мүмкүн экендигин билдирди.

4L7A8497 Кыргызпатенттин директору Венгриянын КРдагы элчиси менен инновациялар жаатындагы кызматташтыкты талкуулады

Жыйынтыгында Р. Керимбаева элчини Кыргызпатенттин Инновациялык борборуна келип кетүүгө чакырды.