Кайрат Иманалиев УТРК башкы директору болуп дайындалды

Кайрат Иманалиев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

kajrat 1024x701 1 Кайрат Иманалиев УТРК башкы директору болуп дайындалды

«Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Иманалиев Кайрат Олжобаевич Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.