Кара-Сууда экинчи аялын өлтүрүүгө шектелген жаранга кылмыш иши козголду

Кара-Сууда аялын өлтүрүүгө шектелген жаранга кылмыш иши козголду.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 4-январдын кечинде Бишкек-Ош жолунда адам өлтүрүү фактысы боюнча милицияга чакыруу түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам кызматкерлер «Хундай-Санато» унаасынын арткы отургучунан 30 жаштагы Г.Т.нын жансыз денесин табышкан. Сөөктү кароо учурунда жабырлануучунун мойнунда жоолук оролуп, муунтуунун белгилери болгону аныкталган.

Кылмышка шектелип, унаада аны менен бирге болгон 38 жаштагы М.А. аттуу күйөөсү кармалды.

Шектүүнүн айтымында, өлтүрүлгөн анын экинчи аялы, ага чейин экөө чырдаша кетишкен. Жаңжал учурунда ал унааны токтоткон, ошол учурда аялы жерден кирпич алып, күйөөсүн урганга үлгүргөн. Ал ошондой эле милиция кызматкерлерине андан кийин аны бир нече жолу уруп, андан соң муунтуп, унаага салып кеткенин айткан.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Шектүү Райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.