Жалал-Абад облусунда үч күн аралыгында 14 мас айдоочу аныкталды


Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Жалал-Абад облусунун аймагында 1-январынан 3-январга чейинки үч күн аралыгында жалпы 493 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды.

Анын ичинен 14 айдоочу автоунааларын мас абалында, 160 айдоочу каттуу ылдамдыкта, 5 айдоочу алдыңкы терезелеринин караңгылатып алгандыгы, 14 айдоочу жанында тиешелүү документтери жок үчүн болсо жана башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 300 айдоочуга протоколдор түзүлгөн. Жалпы 30 автоунаа атайын айып короого коюлду.
Жалал-Абад областтык ЖККК бөлүмү жалпы жол кыймылынын катышуучуларына жолдо жүрүүдө, жол эрежелерин так сактап жүрүүнү эскертишет.

Жалал-Абад облусу боюнча ЖКККБнын Басма сөз кызматы