
Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын депутаттарынын сессиясын биринчи жолу аял депутат — Шарапаткан Мажитова («Ынтымак») ачат. Анткени ал жетинчи чакырылыштагы парламенттеги жашы боюнча эң улуу депутат.
22-декабрда ЖКнын алтынчы чакырылышынын депутаты Жылдыз Мусабекова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Мажитова анын кабинетине (№512) жайгаша турганын билдирген.
Буга чейин парламенттин жаңы депутаттарына кабинеттер комиссиянын чечими менен бөлүштүрүлө турганы айтылган.

Мажитова спикер шайланганга чейин парламенттин жыйындарына модераторлук кылат.
БШК жаңы депутаттарды каттоону убактылуу токтоткон.