Май куйган жайдын кассирин тоногон үч жигиттин экөө кармалды

Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы май куйган жайдын кассирин тоногон үч жигиттин экөө кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 14-декабрда болжол менен саат 04.25 чамаларында Жети-Өгүз РИИБне Саруу айылынын тургуну кайрылып, белгисиз үч бала ок атуучу курал менен коркутушуп, май куюучу жайдан акча каражатын карактап кеткендиги жөнүндө билдирген.

Билдирүү райондук милициянын КБРне катталып, жазык кодексинин 207 (Каракчылык) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

ukrali Май куйган жайдын кассирин тоногон үч жигиттин экөө кармалды

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобунун милиция кызматкерлери сурамжылоо иштерин жүргүзүп, 14-декабрь күнү болжол менен саат 03.30 чамасында белгисиз азия улутундагы 3 бала ок атуучу курал менен май куюучу жайдын терезеси аркылуу операторду коркутушуп, акча талап кылышканын, оператор кассада болгону 1000 сом акча бар экенин айткнда, алар ошол акча каражатын алышып, белгисиз тарапка качып кетишкенин аныкташкан.
Көрүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмыштын бетин суутпай ачылып, кылмышка шектүү катары Дархан айылынын тургундары 28 жаштагы Ш.Ж. жана 16 жаштагы Б.Б. кармалышты. Ал эми, үчүнчү шектүү, ушул эле айылдын тургуну 26 жаштагы А.А. издөөгө жарыяланды.

Учурда, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.