Аскар Акаев «Кумтөр» иши боюнча УКМКга сурак берди

Бүгүн, 15-декабрда экс-президент Аскар Акаев жактоочусу Айбек Самарбеков менен бирге «Кумтөр» иши боюнча УКМКга сурак берди.

Белгилүү болгондой, алар саат 9:00дө УКМКнын имаратына барып, саат 13:00 чамасында имараттан чыгып кеткен.

«Ачыкка чыкпоо боюнча келишимге кол койдук. Аскар Акаев ушул жума ичинде дагы суракка чакырылышы мүмкүн. Балким ал ушул жуманын аягына чейин Кыргызстанда калат», — дейт адвокат.

Ал УКМКдагы жолугушуунун чоо-жайын айтууга укугу жок экенин кошумчалады.