“Наристе” балдар бакчасынын дагы бир жаңы филиалы ачылды

Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы №115 “Наристе” балдар бакчасынын дагы бир жаңы филиалы ачылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

MyCollages 73 1 800x450 1 “Наристе” балдар бакчасынын дагы бир жаңы филиалы ачылды

Маалыматка ылайык, бала бакчанын ачылыш аземине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, анын орун басарлары жана бала бакчанын жетекчилиги катышты.

Балдар бакчасы 250 орунга ылайыкташкан, анда төрт тайпа болот: даярдоочу, жогорку, орто жана кенже тайпалар.

Балдар биздин келечегибиз. Биздин бүгүнкү аракетибиз алардын келечектеги пайдубалы. Биздин жаңы балдар бакчасы балдар үчүн экинчи үйү болуп калат деп ишенем”, — деди министр.

Эскерте кетсек, 3-декабрда Шакиров көчөсү, 4 дарегинде No115 «Наристе» бала бакча бакчасынын филиалы ачылган.

Ошондой эле “Наристе” балдар бакчасынын жаңы филиалы Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана балдар бакчасынын жетекчилигинин колдоосу менен пайдаланууга берилди.