Алмазбек Атамбаевди сотко футболкачан алып келишкен

Экс- президент Алмазбек Атамбаевди сотко мажбурланып алынып келингенин буга чейин анын жактоочусу Замир Жоошев кабарлаган. Жана ал бүгүнкү отурумга мурунку президент катыша турганын кошумчалаган.

Ал эми соттук отурум 14:00гө белгиленген. Бирок, Алмаз Атамбаев унаадан түшпөй, соттук отурумга катышуудан баш тартты. Анын жактоочусу Замир Жоошевдин айтымында аны күч менен алып келишкен.

«Алмазбек Атамбаев унаадан түшпөй жатканынын себеби, биринчиден анын ден соолугу начар, экинчиден ал талапка жооп бере тургандай кийинген эмес. Себеби, аны абак кызматкерлери футболкачан алып чыгышкан», — деди Жоошев.

Ал арада соттун имаратынын алдына тез жадам унаасы келди.