«Сайма чемпионаты — 2021» сынагы өтөт

Бишкекте республикалык «Сайма чемпионаты — 2021» сынагы өтөт. Бул тууралуу «Кийиз дүйнө» коомдук фондунан билдирди.

Маалыматка ылайык, Таймаш 19-декабрда Улуттук тарых музейинде өтөт. Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан “керме сайма” сайганды билгендер катыша алат.

Сынактын максаты — саймачылык өнөрүн кайрадан жандандыруу, сактоо жана жайылтуу.

Сайма саюу боюнча чемпионат «Кийиз дүйнө» фонду, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Улуттук тарых музейинин колдоосу менен быйыл үчүнчү ирет өткөрүлөт.

Шарттары:

  • Катышуучунун баракчасын толтуруп, уюштуруучуларга 0708-32-62-64 номерине жиберүү керек;
  • Сайылуучу сайманын багыты 18-декабрь, саат 19:00дө катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан жөнөтүлөт. Ар бир катышуучу багыт алат, даярдык көргѳнгѳ убактылары болот;
  • Ар бир катышуучу белдемчисин кийип келүүсү шарт (дресс код);
  • Ар бир катышуучу керме сайма саюуга керектүү кергич, шибегени ѳзү менен ала келет;

Ошондой эле, берилген убакыт аралыгында ар бир катышуучу кездемени кермеге керип, темага жараша өзүнүн оюусун чийип, сайманы сайып чыгуу керек.