Көлдүктөр мыйзамга баш ийип, курал-жарактарын милицияга өткөрүшүүдө, – видео

Ысык-Көл облусунун аймагында ар кандай кылмыштардын алдын алуу, куралдарды жана ок-дарыларды тегеретүү чөйрөсүндө укук бузуларга жол бербөө максатында «Арсенал» операциясы өтүүдө.

1267432.db347c0a9fca8835cf488c080c727417 Көлдүктөр мыйзамга баш ийип, курал-жарактарын милицияга өткөрүшүүдө, - видео

Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган операцияга 300дөн ашык милиция кызматкерлери тартылып, жарандар тарабынан катталган куралдардын сакталышынын эрежелери текшерилүүдө. Ошондой эле мыйзамсыз сактап жүрүшкөн куралдардын ээлерин аныкташууда. Иш-чаранын негизги максаты — курал-жарактарды сактоо эрежелери боюнча профилактикалык иш-аракеттерди көрүү жана мыйзамсыз сакталган куралдарды өз ыктыярлары менен өткөрүү жөнүндө түшүндүрүү иштерин алып баруу болуп саналат.

Балыкчы ШИИБдин кызматкерлери тарабынан 4 (1 сайлуу жана 3 сайсыз мылтык) мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар аныкталып алынды. Бул факт шаардык милициясынын маалымат электрондук журналына катталып, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

1267431.0faad15a64ff69bf51543e3d101834bf Көлдүктөр мыйзамга баш ийип, курал-жарактарын милицияга өткөрүшүүдө, - видео

Жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында Түп районунун Шаты айылынын тургуну, атасынан калган, катталбаган сайсыз мылтыкты өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине өткөрүп берди. Милиция кызматкерлери аталган жаранга, мылтык тийиштүү текшерүүдөн өткөндөн кийин кайрадан анын атына мыйзамдуу түрдө каттоого болорун эскертишти.

Облустук милиция белгилегендей, мыйзамсыз сактаган курал-жарактарды өз ыктыярлары менен ички иштер органдарына өткөргөн жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган жоопкерчиликтен бошотуларын эскертишүүдө.

YouTube video