Бишкектеги көмүрдүн тоннасын 3000 сомдон саткан кошумча кампалар ачылды. Даректер

Бишкектеги көмүрдүн тоннасын 3000 сомдон саткан кошумча кампалар ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпы 7 жаңы кампа жана көмүр кампалар ачылган. Ошондой эле Казакстандын көмүрү 4,5миң сом, ал эми Кара-Кеченин көмүрү 3000сомдон сатылууда. Ден Сяопин көчөсүнүн 306/2а дарегинде жайгашкан.
Мурманск көчөсү, 1б/1 дарегинде Кара-Кече кенинен ташылган көмүрдүн бир тоннасын 3000 сомдон сата баштаган. Алар көп болуп, кезекте тургандардын саны миңден ашкан.

Ленин району: Мурманск көчөсү 59а, “Ак-Жол”, Беш-Сары, Мурманск көчөсү 306Б бул кампаларда 3000сомдон сатылууда.

Октябрь району: Төкөлдөш жана Аламүдүн базарынын аймагында.

Свердлов району: Достоевский көчөсү 1, бул жакта ”Шабыркүл” 4500 сомдон сатылууда.
Ал эми “Кыргыз көмүр” ишканасынын маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, Кара-Кечеден 2300 тонна көмүр Бишкекке жүктөлүп чыкты. Ал 3000 сомдон сатылмакчы.