Жаранды АКШга окууга өткөрүп берем берем деп, 10 миӊ АКШ долларын алган адам кармалды

Караколдо алдамчылык менен алектенген жаран кармалды.

WhatsApp Image 2021 11 22 at 07.46.59 Жаранды АКШга окууга өткөрүп берем берем деп, 10 миӊ АКШ долларын алган адам кармалды

Каракол шаардык милициясына жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 2019-жылдын январь айында, өзүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү катары таныштырган жаран менен таанышып, ал, үстүбүздөгү жылдын башында кызын АКШга окууга өткөрүп берүүгө жардам берем деп, 10 миӊ АКШ долларын алып, убадасын аткарбай качып кеткендиги туурасында билдирген.

Аталган факт, Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, жазык кодексинин 204 беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык» менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын учурунда, Каракол ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан, белгисиз жаран 10 миӊ доллар акча каражатын алгандан кийин, жай мезгилинде арыз ээсине кайрадан келип, кызынын визасын ачуу үчүн алдоо жолу менен дагы 3 миӊ долларын алганын, андан кийин өзүн «Кумтөр» алтын кенине жумушка киргизем деп, кошумча 10 миӊ долларын алгандыгын аныкташкан. Жалпысынан жабырлануучуга 23 миӊ АКШ долларын түзгөн материалдык зыян келтиргени белгилүү болгон.

Жүргүзүлгөн тергөө ыкчам иштеринин натыйжаснда, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары аныкталган Бишкек шаарынын 27 жаштагы тургуну К.А., Каракол шаардык милициясына алынып келинди. Каракол шаардык сотунун чечими менен, шектүүгө карата 1 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

17-ноябрь күнү, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, дагы бир Каракол шаарынын тургунуна карата шектүү жаран тарабынан алдамчылык фактысы жасалгандыгы аныкталган. Ноябрь айынын башында, шектүү жаран өзүн Каракол шаарынын окутуу борборунун өкүлү катары таныштырып, жабырлануучунун кызын АКШга бекер окууга өткөрүүгө көмөк көрсөтүүнүн шылтоосу менен, андан 10245 АКШ долларын алдоо жолу менен алгандыгын да аныкташкан.

Аталган факт да Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.

Каракол ШИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүлөрү, алдамчылыка шектүү катары кармалган жаран, башка ушундай эле кылмыштарга тиешестиги болушу мүмкүн экендигин божомолдошууда.

Ушундан улам, кимде ким, анын колунан жабыр тартса, Каракол ШИИБдин тергөө кызматына кайрылуусун суранышат.