Түркияда 4 кулактуу мышык интернет жылдызына айланды

Түркиянын Анкара шаарында төрт кулагы менен туулган мышык социалдык тармакты багындырууда. Жаныбарга генетикалык өзгөчөлүгү тоскоолдук жаратпастан, тескерисинче, жылуу пикир чогултууда.

Төрт айлык мышыкты багып алгандар Мидас аттуу каймана ат берген. Instagram социалдык тармагында анын атынан баракча ачылып, 48 миң киши катталган. Колдонуучулар ага жылуу сөздөрдү калтырууда.

Мышыктын ээси ал бир аз чоңойгондо генетикалык изилдөөдөн өткөрүп, ашыкча кулактары ден соолугуна кандай таасир этерин билүүнү пландап жатканын айткан.

3d71181e e77a 4133 aaa5 4f0025c9a3d4 Түркияда 4 кулактуу мышык интернет жылдызына айланды