
Бишкекте куткаруучулар 9-кабаттан секирүүгө аракет кылган жигитти сактап калышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлайт.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, кечээ, 14-ноябрда, саат 16:44 чамасында «112» кызматына Гагарин жана Юдахин көчөлөрүнүн кесилишинде салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан эркек адам секирүүгө аракет кылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Кырсык болгон жерге ыкчам түрдө Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу чыккан. Куткаруучулар аталган жаран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, натыйжасында 9-кабаттан аман-эсен түшүрүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.