Садыр Жапаровдун Стамбулдагы жумушчу сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 11-12-ноябрь күндөрү Түркия Республикасынын Стамбул шаарына болгон жумушчу сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы түркиялык ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуп, анда инвестициялык жана өндүрүштүк кызматташтыктын келечеги, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, айыл чарба, тоо-кен жана жеңил өнөр жай, гидроэнергетика жана башка тармактарда өз ара аракеттенүү талкууланды.

Жумушчу сапарын улантып, Садыр Жапаров Түрк Кеңешинин башка лидерлери менен бирге Стамбул шаарында ТМКК Катчылыгынын жаңы штаб-квартирасынын ачылыш аземине катышты.

ТМККнын сегизинчи саммитинин жүрүшүндө Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, анда уюмдун эл аралык аренадагы маанилүү ролун, ошондой эле Кыргызстандын мындан ары да түрк дүйнөсүнүн мамилелерине жана боордоштугуна активдүү катышууга, түрк мамлекеттеринин интеграциялык процесстерин өнүктүрүүгө олуттуу  салым кошууга даярдыгын белгиледи.

Ал ТМККга мүчө мамлекеттерди биримдикке жана кызматташтыктын бардык тармактарында өз ара аракеттенүүнү шайкеш келтирүүгө чакырды.

Садыр Жапаров ошондой эле Түрк Кеңешине мүчө-өлкөлөрдүн бардык лидерлери менен ТМККнын атын Түрк мамлекеттер уюмуна өзгөртүү жана макамын жогорулатуу боюнча бирдиктүү пикирин билдирди.