Үгүт иштерине аралашкан айыл өкмөтү кызматтан кетти

Үгүт иштерине байланыштуу Талас районундагы Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек Молдокулов кызматтан кетти. Бул туурасында Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, президенттин 1-ноябрдагы жарлыгынын бузгандыгы үчүн иштен алынган. Анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге үгүт иштерине аралашууга тыюу салынган.

10-ноябрда Үч-Эмчек айылындагы маданият үйүнүн алдында бир мандаттуу №20 Талас округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эмил Абдыкадыров шайлоочуларга жолугушкан. Ошол жолугушууга Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек Молдокулов дагы жүргөнү боюнча социалдык тармактарда видеосу тараган.