Өзгөн шаарынын мэрине сөгүш жарыяланды

Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 30-октябрындагы “Өзгөн шаарынын күнү” алкагында иш-чараларды уюштурууда “Кыргыз Республикасынын тили жөнүндө” мыйзамдын 7-беренесин бузууга жол бергендиги үчүн Өзгөн шаарынын мэри Нодирбек Каримовго сөгүш берилди.

Өкүлчүлүк эгерде аталган мыйзамды мындан ары да бузууга жол берилсе ээлеген кызмат орду карала турганы белгилеген.