Москвада кыргызстандык кош бойлуу кыз тууралуу видеого байланыштуу элчилик маалымат таратты

Тышкы иштер, тышкы саясат жана инвестиция министрлиги Москвада документи жок кыргызстандык кош бойлуу кыз тууралуу социалдык тармактардагы видеого байланыштуу элчиликтин маалыматтык билдирүүсүн таратты.

Маалыматка ылайык, элчиликтин Консулу юристтер менен биргеликте 2021-жылдын 31-октябрында жекшемби күнү көрсөтүлгөн жаранды издөө үчүн Ярославский темир жол станциясына барышты. Москва шаарынын темир жол вокзалынын, ошондой эле социалдык кызматынын кызматкерлери менен сүйлөшүштү. Саат 14:00дө графикке ылайык үй-жайы жок адамдарга тамак-аш уюштурула турган жайга да барышкан.

Видеороликти тарткан «Люди» фондунун өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, түшүнбөстүк болуп кеткен. Кыргызстандын жараны болуп саналган бул кыздын тийиштүү документтери бар болгон жана элчиликке мурда кайрылган эмес.

“Кыздын кайсыл жерде жүргөндүгүн байкеси аркылуу аныктоого мүмкүн болгон. Кыздын жакын тууганы анын документтери, тагыраак айтканда КРнын паспорту бар экендигин тастыктады, видео таралып баштаганда байкеси Ярославский вокзалынан аны алып кетип, Москва шаарынын Люблино районундагы квартирасына жайгаштырган жана жакынкы рейс менен Кыргызстанга кетирүүнү көздөп жатат.

Кийинчерээк агасынын жардамы менен элчиликтин консулунун КР жараны менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшүүсү болуп, анда ал буга чейин элчилик менен байланышпаганын айткан. Кыздын беш айлык боюнда бар. Консул кызга ден соолук каалап, мекенге ийгиликтүү, аман-эсен жетип алуусуна тилектештигин билдирди”, – деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, күбөлөрдүн айтканына караганда, 26 жаштагы Кыргызстандык кыз туура эмес жашоо образында жашайт. Мурда Москванын социалдык кызматынын жардамынан баш тарткан.

Ошондой эле Ярославский станциясынын вокзал аянтында дагы бир туруктуу жашаган жери жок болуп саналган 30 жаштагы Кыргыз Республикасынын жараны табылган. Учурда ал Элчиликке алып келинип, акысыз негизде тийиштүү документтери жасалып, жердештеринин жардамы менен билет сатып алынып, Кыргызстанга жакынкы рейс менен кетирүү ишке ашырылууда.