Маралды мыйзамсыз аткан адамдардын тобу кармалды

Сары-Челек биосфералык коругунун кызматкерлери маралды мыйзамсыз аткан адамдардын тобун кармашты. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

1255580.7f6be5fe3bf1c1165c7ce7cf6bad1b23 1 Маралды мыйзамсыз аткан адамдардын тобу кармалды

Маалыматка ылайык, окуя 31-октябрда болгон. Мыйзамсыз атылган маралдын терисин текшерип, болжол менен 5 жашта экенин аныкташкан.

«Маралды Аксыдагы Аркыт айылынын 4 жашоочусу аткан. Кызыл китепке кирген жаныбардын өлүмү боюнча далил буюмдар алынып, тиешелүү чара көрүү үчүн материалдар укук коргоо органдарына берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, маралды мыйзамсыз атуу үчүн айып 1 миллион сомду түзөт, ал эми өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында айыптын өлчөмү эки эсеге көбөйөт.