Шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча WhatsApp  номери иштеп жатат

Шайлоодогу мыйзам бузуулар үчүн 0996-550-011255 бул  WhatsApp  номери иштеп жатат. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, аталган номерге видео, сүрөт жөнөтсө болот. Ар кандай ушактардан тарта, мыйзам бузууларга чейин маалыматтарды жиберип, видео байланыш кылууга мүмкүн болот.

Ал гана эмес шайлоочулар өзүлөрүн тизмеден таба албай калса, үгүт иштериндеги түшүнбөстүктөрдү айтууга болот. Келген кайрылууларга мыйзамдуу чара көрүлөт.

Бүгүн, 29-октябрь күнү үгүт иштери башталды. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда болот.