
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тамак-аш азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү менен алектенген объектилерге байланыштуу жугуштуу оорулардын жана массалык уулануулардын алдын алуу, тамак-аш коопсуздугун жана эпизоотиялык бакубаттуулукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылы 17-декабрдагы «Ишкердик субъекттерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилди.
Өзгөртүүгө ылайык, тамак-аш азыктарын (сактоо, ташуу, жүзөгө ашыруу) өндүрүү жана жүгүртүү менен алектенген объектилерде Кыргыз Республикасынын тамак аш коопсуздугу жаатындагы техникалык регламенттеринин жана башка ченемдик-укуктук актыларын талаптарын сакталышын текшерүүгө мораторий алынды.
Бишкектеги акыркы массалык ууланууга байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери бүткүл республика боюнча жалпы тамактануучу жайларды текшерүүгө алышат.