Үйлөнүү тойдо куралдан ок чыгарган жигиттин аты-жөнү такталды

Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Милиция кызматкерлери текшерүү иштерин жүргүзүп, окуя 24-октябрда Ысык-Ата районундагы Буденовка айылында болгону аныкталган. Ок чыгарган М.И. (1999-жылы туулган) курал атасына тиешелүү экенин, агасынын үйлөнүү тоюнда ок чыгарганын айткан.

Бул факт Жоруктар кодексинин 121-беренеси (калктуу пунктта куралдан ок чыгаруу) менен катталган.

Буга чейин тойдо тартылган видеотасма социалдык түйүндөргө жарыяланган. Андан той учурунда үйдүн чатырына чыккан 3 жаш жигиттин бири куралдан асманга карай ок чыгарганын көрүүгө болот.