Садыр Жапаров: “Калкка электр энергиясынын баасы жогорулабайт”

Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйыны башталды.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берип жана ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берет.

Белгилей кетсек, иш-чарага 150гө жакын ата мекендик жана чет элдик маалымат каражаттары аккредиттелген.

Мамлекет башчы спорт жааты абдан жетишип жатканын баса белгиледи. Ошондой эле бир катар жетишкендиктерди санап берди. Паспорт маселеси, пенсия, ковид-19суз саякат жана санарипти баса белгиледи. Этникалык кыргыздарга жардам берилип жатканрын айтты. Экономикалык сектор, энергетикалык коопсуздукту камсыздоо реформалары, кечиктиргис чукул чараларды колдонууну баса белгиледи.

Калкка болгон электр энергиясынын баасы ошол бойдон калды.