Курч кармаган вирустук респиратордук инфекциялар көбөйүп жатат: убактылуу стационар ачылды

Бишкекте курч кармаган вирустук респиратордук инфекциялар көбөйүп жаткандыктан үй-бүлөлүк медициналык борборлор дем алыш күнү да иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкектеги Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борборунун директорунун орун басары Егор Борисов билдирди.

Анын айтымында, сезондук сасык тумоо чоңдор менен кичинекей балдар кабылып жатат.

«103 кызматына чалгандар абдан көп. Ордо калаадагы үй-бүлөлүк медициналык борборлордун баары дем алыш күндөрү да иштеп жатат. Курч кармаган вирустук инфекциялар (КРВИ) көбөйүп жаткандыктан Республикалык диагностикалык борбордун базасында сасык тумоо жана пневмония болгон балдарды жаткыруу үчүн убактылуу стационар ачылды»,-деди ал.

Дарыгерлер сасык тумоологондордун көбөйүшү акыркы учурда аба ырайынын кескин өзгөрүшү жана шаардыктардын аралыкты сактабай, бет кап тагынбай жаткандыктары менен байланыштырууда.