Чек ара кызматынын жетекчилигин камакка алуу тууралуу пикирин президент билдирди

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жемкорлукка шек саналып кармалышын коррупцияга каршы аеосуз күрөштүн жыйынтыгы деп атады.

Жапаров өз пикирин Мамлекеттик чек ара кызматынын жектекчи кызматында иштегендердин, президенттик администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысынын кармалышы менен негиздеди.

Бир күн мурун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдындагы Мамлекеттик чек ара кызматынын бир катар жетекчилери паракорлукка шек саналып кармалган. 18-октябрда президенттик админстрациянын өкүлү 170 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганы кабарланган.