УКМК: Чек арадан мыйзамсыз өттү деген шек менен Өзбекстандын жараны кармалды

Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өттү деген шек менен Өзбекстан Республикасынын жараны кармалды, – деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 14-октябрында КР УКМК Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүү жана легалдаштыруу каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталып жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жасалма документтерди колдонуп, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн, Өзбекстан Республикасынын жараны кармалды.

whatsapp image 2021 10 УКМК: Чек арадан мыйзамсыз өттү деген шек менен Өзбекстандын жараны кармалды

Өзбекстан Республикасынын жараны “Ю.М.У.” Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарынан КР Ош шаарына учуп келгенде “М.А.Ю.” аттуу КР жаранынын паспортун көрсөткөн.

Кармалган “Ю.М.У.” КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул факт боюнча КР УКМК тарабынан КР Жазык кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын расмий документтерин мыйзамсыз даярдоо каналына тиешеси бар кызмат адамдарына карата тиешелүү комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларыны жүргүзүлүүдө.