Айрым партиялар курултай өткөрүп жатышат

Жогорку Кеңешке шайлоого аттанган партиялар курултай өткөрүп жатышат. 9-октябрда алты партиянын жыйыны болду. Арасында “Ата Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан” өңдүү таанымал партиялар бар.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин тактап бүтүшү керек.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат.

БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Бир мандаттуу округдан шайлоодо ат салышам дегендер 9-октябрга карата 170тен ашты. Алардын ондон ашууну талапкер болуп расмий катталды.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар Бишкекте митингге чыгып, арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген.